Kırgızistan

by admin

[su_accordion]

[su_spoiler title=”Надырбек Алымбеков – Мухаммед Пайгамбар жөнүндө” open=”no” style=”default” icon=”plus” anchor=”” class=””]

[su_audio url=”https://www.ircica.org/wp-content/uploads/naats/Naat-KG-НадырбекАлымбеков-МухаммедПайгамбаржөнүндө.mp3″]

Жараткандын расулу бирөөдүр,
Жакшылыгын жазбай коюш күнөөдүр.
Адам болуп аялзаттан төрөлүп,
Ага дагы берилиптир бир өмүр.

Өз калкынан өзү көрүп зомбулук,
Өткөрүптүр өз өмүрүн кор кылып.
Азабы көп ак жолунан кайтпаптыр
Алла Таала анын ишин оң кылып.

Карапайым болгон үчүн жүрүшү,
Калыптанган бара-бара дин иши.
Пейлин буруп, пенделерин ынантып,
Бекем болгон бир Аллага сүйүүсү.

Азабын жеп ачка калып кээ күндө,
Жупунулук жуурулуптур сөөгүнө.
Аябаптыр андан Кудай мээримин
Адамдыгы болгон үчүн дээринде.

Өмүр токтоп, өлүм келип асылга,
Өткөн экен алтымыш үч жашында.
Оңой эмес алп эмгекти жаратып,
Осуяты ар мусулман башында.

Ыйык болуп ак жолунан тайган бар,
Ыйлап журуп аз билгенин жайган бар.
Ыйман жолу, ислам жолу карыбайт,
Ошон үчүн анын аты Пайгамбар.

[/su_spoiler]

[/su_accordion]

Diğer Yazılar

Tüm hakları IRCICA`ya aittir ©2022. IRCICA IT Departmanı tarafından tasarlandı ve geliştirildi.